Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:14

Караколдогу сейил бакта асылып өлгөн кыздын сөөгү табылды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шамил Молдокматов билдирди.

Бүгүн эртең менен Пушкин атындагы борбордук эс алуу багынын дарбазасында 20-25 жаш курагындагы белгисиз кыз өзүнүн курткасына асынып алганын шаар тургундарынын бири Каракол милициясына кабарлаган.

Учурда белгисиз кыздын өздүгүн тактоо жана өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө иштери жүрүүдө. "Шаар тургундарынын билдирүүсү боюнча биздин кызматкерлер эртең менен барышкан. Кыздын денесинде зомбулуктун белгилери жок”, - дейт Молдокматов. (MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG