Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Нарында төрт чакан ГЭС курулат


Бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев менен Орусиянын «РусГидро» башкаруу ишканасынын жетекчиси Евгений Дод Нарында иш сапар менен болду. Анда Нарын дарыясына аталган орусиялык ишкананын көмөгү менен төрт чакан ГЭС куруу боюнча ГЭС каскаддарынын ордун көрүштү. “Азыр эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, макулдашуу болсо күздө чалгындап, жаз айы менен курулушту баштообуз мүмкүн”, - деп билдирди Евгений Дод.

Маалыматка ылайык, ГЭСтерди курууга 400 миллион доллардан ашык сарпталып, ар бир ГЭСтин кубаттуулугу 60 мегаватты түзөт жана Нарын облусун толук камсыз кылмакчы. (TSh)

XS
SM
MD
LG