Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Айсулуу олимпиадага катышууга уруксат алды


Айсулуу Тыныбекова сот залында
Айсулуу Тыныбекова сот залында

Ленин райондук соту спортчу Айсулуу Тыныбековага Лондон олимпиадасына барууга уруксат берди.

Мындай чечимди сот 20-июлдагы отурумунда кабыл алды. Олимпиадага жолдомосу бар балбан кыз үч ай мурда 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталууда.

Лондон олимпиадасына барууга Айсулуу Тыныбековага уруксат берген чечимди Ленин райондук соту Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков менен машыктыруучу Нурбек Изабековдун “олимпиададан кийин сотко келебиз” деген кепилдигин алган соң чыгарды. Сот спортчу олимпиадалык мелдештерге катышып келгенден кийин улана турган болду. Айыпталуучу сотко келбесе, кепилдик берген жарандар сот жообуна тартылышат.

Айсулуу Тыныбекова менен анын курбусу Разалия Тилегеновага каршы Кылмыш кодексинин бейбаштык беренеси (234-беренеси, 2-бөлүм, 2- бөлүмчөсү) боюнча кылмыш иши Ясмина аттуу 17 жаштагы кыздын арызынын негизинде козголгон. Доогер тарап Тыныбекова апрелде Ясминанын мурдун талкалай койгон деген доо коюуда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ясминага жактоочулук милдетти аткарып жаткан энеси Нурила Кочкорбаева Ленин райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Коррупциялык кызматка, Соттор кеңешине чейин даттанарын билдирди. Ал кызынын абалын мындай түшүндүрдү:

- Кызым психологиялык жактан да жабыркады. Психологго кайрылдык, дем алуусунда да маселе бар. Мээси чайкалган, аны күзүндө дарылатабыз. Кийинки жылы мурдуна пластикалык операция жасатабыз. Анткени мурдунун эки сөөгү тең сынган, операция жасаттык.

Айсулуу Тыныбекова коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экендигин буга чейин билдирген болчу. Спортчу бул сот отурумунда журналисттер менен баарлашууну каалаган жок. Анын адвокаты Тимур Жанаев сот маалында буларды айтты:

- Ясминанын көрсөтмөлөрү чындык эмес, ачык эле көрүнүп турат. Эки кыз мушташып кетти, эми болгону болду, биз жакшы эле аракет кылдык. Менин оюмча булар атайын олимпиаданын астында чыр-чатак көтөрүп, шантаж кылып жатат деп ойлойм.

Тимур Жанаев доогер тарап чатакты тынчтык жол менен чечүү сунушун кабыл албай койгонун кошумчалады.

Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков болсо “өлкөнүн намысы үчүн доогер тарап койо турса болот эле" деп кейиди:

- Олимпиаданын гана тегерегинде сөз кылып, олимпиадага барбасын деген аракеттер жүрүп жатат. Бул мен үчүн кайгылуу жана түшүнүксүз. Нурила Кочкорбаева өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин, кыргыз элинин кызыкчылыгынан жогору баалап жатканы өкүнүчтүү.

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк олимпиадага катышууга уруксат алган алгачкы кыргызстандык балбан кыз. Ал эркин күрөш боюнча ат салышат. Тыныбекова Лондон олимпиадасына августтун башында жөнөөрү мурда кабарланган.

Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00

XS
SM
MD
LG