Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Мыкты манасчылар аныкталды


“Айтыш” фонду жана ЭлТР телеканалы уюштуруп жаткан манасчылардын Бишкекте өткөн эл аралык биринчи сынагы 21-июлда жыйынтыкталды. Ага катышкан 12 манасчынын ичинен Самат Көчөрбаев, Рыспай Исхаков, Дөөлөт Сыдыков, Замирбек Баялинов, Камил Маматалиев жана Салим Турсунбеков мыкты деп табылды.

Эки күн өткөн кароо-сынакка башка өлкөдө жашаган кыргыздар да чакырылган, бирок алар келген жок.

Жеңүүчүлөр 20-25-августта Ошто өтө турган манасчылардын кароо-сынагына жолдомо алышты.

Ошто Сулайман тоонун жанында уюштурула турган сынакты ЭлТР телеканалы түз алып көрсөтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG