Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Сирия: өкмөттүк аскерлер козголоңчуларга каршы алкактуу чабуулун улантышууда


Сириянын борбору Дамаскинин бир топ райондорундагы атышууларда өкмөттүк аскерлер козголоңчуларды улам борбордон сүрүп чыгарганга аракет кылышууда. Президент Башар ал-Асаддын аскерлери бир районду толук кайра көзөмөлгө алышканы кабарланды. Калган райондордо атышуулар уланып жатат. Козголоңчулар менен өкмөттүк аскерлердин согушу өлкөнүн экинчи чоң шаары Алепподо жана Ирак, Түркия менен чектешкен жерлеринде да жүрүүдө. Эки күндүн ичинде эле 470 адам өлдү. Ал арада миңдеген адамдар зомбулуктан качып, Ливанга жана Иракка кетип жатышат. Президент Асад өзү каякта экени азыр белгисиз. Дамаскиде шаршембидеги жардырууда өлгөн генералдардын таажиясына ал келген жок.

XS
SM
MD
LG