Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Норвегия кандуу чабуулдун курмандыктарын эскерүүдө


Норвегиянын падышасы Харалд (оңдо) жана премьер-министри Йенс Столтенберг Ослодогу эскерүү иш-чарасында, 22-июль, 2012
Норвегиянын падышасы Харалд (оңдо) жана премьер-министри Йенс Столтенберг Ослодогу эскерүү иш-чарасында, 22-июль, 2012
Туура бир жыл мурда Ослодогу өкмөттүк имараттар жайгашкан жерде жардыруу болуп, сегиз киши өлгөн. Ал жерге бүгүн премьер-министр Йенс Столтенберг гүлчамбарын коюп, "ошол чабуулду жасаган Андерс Брейвик максатына жетпеди, ал коомду өзгөртө алган жок", - деп билдирди.

Брейвик былтыр Эмгекчилер партиясынын Утойя аралындагы лагерине да кол салып, 69 адамды атып өлтүргөн эле. Эки жолку терактта жаракат алгандардын саны 240 адамдан ашкан.

Сотто Брейвик бүт күнөөнү мойнуна алып, муну ал “Норвегияны жана Европаны исламдашуудан жана көп маданияттуулуктан коргош үчүн жасаганын” айткан. Эгер сот аны акыл-эси жайында деп тапса, Брейвик узак мөөнөткө түрмөгө отургузулат. Эгер акылы жайында эмес десе, анда дарыланганы психиатриялык ооруканага жаткырылат. Сот чечимин 24-августта чыгарышы керек.

XS
SM
MD
LG