Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Кубандагы суу ташкындан улам үч чиновник камалды


Орусиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан эң катуу жабыркаган Крымск районунун жогорку кызматтарды ээлеген жетекчилери камакка алынды. Кармалгандардын арасында райондун акими Василий Крутько, шаар мэри Владимир Улановский жана Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча райондук башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткаруучу Виктор Жданов бар.

Ушул айдагы суу ташкынынан Краснодар крайында 170тен ашуун адам өлгөн. Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин тергөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырыш үчүн Крымскта бүгүн кырсыктан жабыркагандар менен жолукту.

XS
SM
MD
LG