Бүгүн Бишкектин жогору жагындагы “Ала-Арча” жаратылыш паркын тазалоо боюнча ири иш-чара болот. Аны Кыргызстандагы жапон ыктыярчылары уюштуруп жатат. Шаардыктар жана коноктор көп эс алган “Ала-Арча” соңку учурда акыр-чикирге толуп кеткен. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү эс алган жерин жыйнап кетпейт.
Буга чейин премьер-министр Өмүрбек Бабанов көрүнгөн жерге таштанды төгүп, айлана-чөйрөнү булгагандарга айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоор даярдоону тапшырган. (EBM)
Буга чейин премьер-министр Өмүрбек Бабанов көрүнгөн жерге таштанды төгүп, айлана-чөйрөнү булгагандарга айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоор даярдоону тапшырган. (EBM)