Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Барак: Лондонго кошумча тыңчылар жиберилген жок


Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Лондонго кошумча жашыруун агенттер жиберилген деген маалыматтарды төгүндөдү. Жекшембиде "Sunday Times" гезити мындай чара Олимпиада оюндары маалында израилдиктерге кол салуулар болушу ыктымал деген чочулоолордон улам жасалууда деп жазып чыккан. Басылма ырастагандай, Болгарияда израилдик туристтерге каршы теракттан кийин Израиль Европанын ар кайсы жерлерине чалгындоо кызматынын агенттерин жиберген. Барак олимпиаданын алдында Израилдин чалгынчылары “жогорку даярдыкка” келтирилгенин айтып, Болгариядагы жардыруудан кийин өзгөчө чаралар кабыл алынбаганын билдирди. Өткөн аптада Бургас курортунда автобуска коюлган бомба жарылып, 6 киши набыт кеткен. Быйыл Мюнхен Олимпиадасындагы терактка туура 40 жыл болот. 1972-жылы палестиналык террористтер Олимпиада кыштагында израилдик спортсмендерге кол салып, 11и ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG