Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Ослодо теракттын курмандыктары эскерилди


Ослодо кечээ 77 кишинин өмүрүн алып кеткен теракттын курмандыктарын эскерүү концертине он миңдеген киши катышты. Концертте америкалык рок жылдыз Брюс Спрингстин ырдады. Күндүз Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг борбор шаарда өкмөттүк имараттын жанына гүл чамбар койду.

Ал жерде 2011-жылдын 22-июлунда Андерс Беринг Брейвик аттуу ашынган оңчул бомба коюп, 8 киши мерт кеткен. Кийин ал Утойя аралчасында 69 кишини атып салган. Экстремистке өкүм 24-августта чыгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG