Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Дедюхин: Кумтөрдө химиялык уулануу болгон жок


“Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын мааламат катчысы Сергей Дедюхиндин “Азаттыкка” айтымында, кызматкерлердин массалык уулануусу буга чейин катталган эмес. “Ошондуктан компания дагы кабатырланып жатат жана кызматкерлердин эмнеден ууланган себебин билүүгө кызыкдар. Химиялык уулануу болгон жок, дарыгерлер ичеги инфекциясынын пайда болгонун айтышууда”, - дейт Кумтөрдүн маалымат катчысы.

Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тараган. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болгон. Ууланган жарандардын айтымында, "Кумтөрдө" мындай окуялар мурда да катталган.

Учурда ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 150гө чукулдады. Алардын басымдуу бөлүгүнүн абалы дурус. Ууланды деп ооруканага кайрылгандардын абалын кайрадан текшерүү үчүн эпидемиолог, бактериалогдордон турган дагы бир топ Кумтөргө жөнөп кеткенин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттин бөлүм башчысы Зуридин Нурматов бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG