Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Италиялык фирма Түндүк Кавказга 1 млрд. евро инвестиция салат


Италиянын Rizzani de Eccher курулуш компаниясында коогалаңдуу Түндүк Кавказда туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард евро инвестициялоо ыкласы бар. Мындай келишимге Италиянын премьер-министри Марио Монтинин Орусиядагы эки күндүк визити маалында кол коюлду. Протоколго ылайык, каражат Түндүк Осетия, Дагестан, Краснодар крайы жана Адыгей Республикасында лыжа базаларын жана деңиз жээгинде эс алуу жайларын курганга жумшалат.

ИНТЕРФАКС агенттигинин кабарлашынча, 2011-жылы Түндлүк Кавказдын курорттуу аймактарын өнүктүрүү боюнча орусиялык жана чет элдик инвесторлор менен 6 миллиард долларлык келишим түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG