Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Баш прокуратура: Кыйноо боюнча 174 арыз түштү


Жыл башынан бери түшкөн ушунча арыздын 17си боюнча кылмыш иши козголгонун бүгүн аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Кылмыш иштин жетиси өткөн жылдагы арыздын негизинде козголсо, калган ону ушул жылдагы арыздар. Жалпысынан 12 иш тергелип, сотко жөнөтүлгөн. Башкы прокуратура кыйноо фактыларын алдын алуу иштеринде жакшы жылыштар бар экенин белгилеп жатат.

Укук коргоочулар болсо Кыргызстанда кыйноо фактылары азайбаганын, көз карандысыз укук коргоо борборлоруна кайрылган жарандардын саны көп болуп жатканын белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG