Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Бир айда 141 миллион сомдук экономикалык кылмыш аныкталды


Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бир айдын ичинде 31 кылмыштын бетин ачканын билдирди. Натыйжада чыгым 141 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле кылмыш иштер боюнча шектелгендерди издөөдө тогуз адам камакка алынган.

Ушул жылдын март айында ашкере жемкордукка баткан орган катары Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы түзүлгөн болчу. Жаңы кызматка кадрлар сынак менен тандалып алынып, бир айдай мурун ишин баштаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG