Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кумтөрдөгү уулануунун алгачкы жыйынтыктары чыга баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттин бөлүм башчысы Зуридин Нурматов кабарлады. Анын айтымында, ууланган 8 адамдан стафилакокк, 11 адамдан жугуштуу ичеги илдетин козгогучтар жана эки адамдан бул эки микробдун аралашмасы табылды. Андан сырткары эки ашпозчудан стафилакокк микробу чыкты. Азык-түлүк цехиндеги сууда микробдор нормадан ашык экени, консерваланган балыктардын мөөнөтү өткөнү аныкталды.

Учурда Кумтөрдөгү санитардык абалды жана ашкананы текшерүү уланууда. Соңунда бардык материалдар прокуратурага берилмекчи. Бардыгы болуп Кумтөрдө 150дөй адам ууланган. Алардын 92си ушу тапта ооруканада жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG