Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Ысык-Көлдө кароосуз калган балдар текшерилди


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун бүгүн “Азаттыка” билдиришинче, "Камкордук" деп аталган 5 күндүк иш чарада 128 өспүрүмдүн чогула турган жайы текшерилди. Кайыр сураган балдардын тек-жайы такталды. Өспүрүмдөр катышкан үч уурулук фактысынын бети ачылды. Мындан сырткары сот эки үй-бүлөнү балдарына тишелүү деңгээлде көңүл бурган жок деген негизде ата-энелик укугунан ажыраткан. Алардын бири Тоң районундагы беш балалуу үй-бүлө. Балдары Ак-Суу райондук балдар үйүнө өткөрүлдү. Дагы бир ата-энеге административдик чара колдонулду. Жалпысынан жети өспүрүм Бишкектеги балдар үйлөрүнө жиберилди. “Камкордук” профилактикалык иш-чарасына 200гө чукул милиция кызматкери, 50гө жакын коомдук уюмдун өкүлдөрү тартылган. (МК)

XS
SM
MD
LG