Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Америкалык алгачкы аял-астронавт көз жумду


Америкалык алгачкы аял-астронавт Салли Райд 61 жаш курагында рактан көз жумду. Райд биринчи жолу 1983-жылы Чэленжер кемеси менен космоско аттанган. Кийинки жылы ошол эле чөлмөк менен ааламга экинчи ирет барып келген. Президент Барак Обама маркумду “улуттук баатыр” деп атады. Райд НАСАга 1978-жылы кирген. 1989-жылдан бери Сан Диегодогу университетте сабак берип жүрдү. Илимге кызыккан кыз-келиндерге көмөктөшүү үчүн профессор Райд өз фондун түзгөн.

XS
SM
MD
LG