Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Келдибеков: Сулайманов эч жакка качкан жок


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, экс-төрага Акматбек Келдибеков “Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги “Ата-Журт” фракциясынын депутат болуп шайланган, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов боюнча бурмаланган маалымат таратууда. “Сулайманов ден соолугуна байланыштуу кеткен. Кайсы убакта болбосун далилдердин негизинде жооп берүүгө даяр”, - деди Келдибеков.

Ички иштер министрлигинин 19-июлдагы маалымдоосуна караганда, Нурлан Сулаймановго транспорт жана коммуникация министри кезинде коррупциялык иштерге аралашкан деген айып коюлууда. Министрлик Нурлан Сулайманов учурда Кыргызстан аймагында жок экенин, тергөөгө келип көрсөтмө бербей жатканын кабарлаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG