Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Ооганстанда 14 полиция талиптерге кошулуп кетти


Ооганстандын түштүк-батышындагы Фарах провинциясында жергиликтүү полициянын башчысы кол алдындагы 13 кызматкери менен чогуу талиптерге кошулуп кетти. Провинция губернаторунун расмий өкүлү алар курал-жарагын жана бир нече кызматтык автоунаасын өздөрү менен кошо ала кеткенин маалымдады. Полициянын башчысы талиптерге кошулбайбыз деп каршылык билдирген 7 полицияны ууландырып салган. Учурда ооган бийлиги 2014-жылы эл аралык күчтөрдүн чыгып кетиши алдында полициянын ишине катуу басым жасап, тартипти көзөмөлгө алууга далалаттанып жаткан кези.

XS
SM
MD
LG