Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кумтөрдүн кампасынан эскирген эт табылды


Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков билдирди. Ишкананын кампасында эскирген, тамак-ашка жараксыз эттин 200 килограммы АКШдан, 132 килограммы Аргентинадан алынып келинген. Учурда эттен анализ алынып текшерилүүдө.

Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тараган. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болгон.

Исаковдун айтымында, ушул күндөрү Кумтөрдүн медициналык борборуна жалпысынан 230 адам өзүн жаман сезип кайрылган. Алардын 142си ооруканага жөнөтүлгөн. Ал эми ооруканага жаткырылгандардын саны 92. Алардын үчөөнүн абалы оор, 68и орто, калганынын ден соолугу канааттандырарлык. Анализдерди текшерүү иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG