Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Тажикстан УКМКсы Хорогдо 42 адам окко учканын билдирди


24-июлда Тажикстандын тартип коргоо жана күч органдарынын кылмыштуу куралдуу топ менен кагылышында 42 адам набыт болгонун Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы маалымдады. Өлгөндөрдүн отузу куралдуу топтун мүчөлөрү, 12си аскер кызматкерлери. Операция учурунда кылмыштуу топтун 40 мүчөсү кармалганы айтылды, алардын 8и Ооганстандын жарандары. Каршылык көрсөткөн куралдуу топтон курал-жарактын 100 түрү табылды.

Билдирүүдө 23 аскер жарадар болгону, ал эми жай тургундардан жабыр тарткандар жок экени айтылат. Күүгүм улай кармаш токтогону кабарланып, бир аз тыныгуудан соң кайра атышуу башталганы маалымдалды.

«Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысы маалымдагандай, аткылашууну токтотуу үчүн куралчан топ УКМКнын Тоолуу Бадахшандагы жетекчиси Абдулло Назаровду өлтүрдү деп шектелген төрт адамды күч органдарына өткөрүп бериши керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG