Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Сириялык генерал дезертирлик кылганын моюнга алды


Сирия президенти Башар Асаддын жакын адамы, генерал Манаф Тласс мекенинен качканын бышыктады. “Ал-Арабия” телеканалынан сүйлөгөн генерал сириялыктарды “жаңы, демократиялык өлкө куруунун үстүнөн иштөөгө” чакырды. Тласс – Асад режиминин дезертирлик кылган эн жогорку расмий адамы. Ал Сириядан июлдун башында чыгып кеткен. Бирок генерал оппозициянын катарына кошулганбы же жөн гана жарандык согуштан качканбы белгисиз. Буга чейин ал Түркияда жүрөт деп болжолдонуп келген.

XS
SM
MD
LG