Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Пан Ги Мун Косового барды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Приштинага келди. Бул – баш катчынын Косово көз карандысыздыгын жарыялаган 2008-жылдан берки аймакка биринчи сапары. Мун түндүк Косоводогу “татаал жана сезимтал маселелерди” чечүү үчүн этникалык сербдер менен албандарды диалогго үндөдү. Косовонун түндүгүндөгү сербдер жергиликтүү албандардын бийлигин таануудан баш тартып, кагылышуулар көп болот.

Пан Ги Мун Косового чейин Сербияда жаңы президент Томислав Николич менен жолугушкан. 1999-жылы НАТОнун аба соккуларынан кийин Косово Сербиянын көзөмөлүнөн чыгып калган. Аймактын көз карандысыздыгын Батыштын көпчүлүк мамлекеттери тааныган.

XS
SM
MD
LG