Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Алай районунун Тажикстанга жакын айылына убактылуу тосмо коюлду


Тажикстандын Хорог шаарындагы окуяга байланыштуу Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Таш айылына убактылуу тосмо коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев кабарлады. Учурда райондо абал тынч. Райондук Ички иштер башкармалыгына коопсуздук чараларын көрүү тапшырмасы берилди.

Тажикстандын чек арасынан Алай районунун борбору Гүлчөгө чейинки аралык 150, ал эми Сары-Ташка чейин 45 чакырымды түзөт.

УКМК алдындагы Чек ара кызматы чек арачылар кадимкидей тартипте иштеп жатышканын, бирок кошуна өлкөлөрдөгү окуяларга байкоо салып, маалымат топтогон оперативдүү органдардын иши күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG