Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Ирактагы чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "ал-Каида" алды


23-июлда Ирактын бир катар шаарларында орун алган чабуулдар өлкөдө акыркы эки жарым жыл аралыгында орун алып келген кол салуулардын ичинен эң кандуусу болуп калды. Жарылуулардын кесепетинен ал күнү 115 киши мерт болуп, 300гө чукул киши жараат алды.

Кол салууну уюштурган “ал-Каида” менен байланышы бар Ирактагы экстремисттер тобунун интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө "жергиликтүү чалгындоо жана коопсуздук кызматтарынын иши ойрон болду" деп айтылат.

Согушчандар 23-июлдагы теракттар Ирак бийлигине каршы чабуулдун башталышы экенин билдиришти.

Ирак бийлиги беш жыл мурдагыга салыштырганда азыр “ал-Каиданын” Ирактагы согушчандарынын күчү азыраак болгонун ырастап келет.

XS
SM
MD
LG