Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Бээжиндин мэри кызматтан кетти


Бээжинде токтобой жааган жамгырдан жабыркаган тургундардын нааразылыгынан улам шаар мэри Го Цзинлун жана анын орун басарларынын бири отставкага кетишти.

Өткөн дем алыш күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен шаар чегинде 100гө чукул киши набыт болгон. Алардын 37си Бээжиндин тургундары. Шаардыктар жергиликтүү бийликти өз учурунда жардам көрсөтө алган жок жана жабыркагандар тууралуу маалыматтарды жашырды деп айыпташууда.

Интернет сайттарда жарыяланган көптөгөн каттарда аба ырайынын бузулушуна карата коопсуздук чараларын көрүү тууралуу көпчүлүк элге маалымат берилбегени айтылат. Айрым тургундар эбак эле эскирип калган шаардык канализация системасы иштебей калганын жазышкан.

XS
SM
MD
LG