Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Көлдүн түндүк жээгиндеги убактылуу МАИ бекеттери алынды


Бул тууралуу Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаилов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, туристтик сезондо Ысык-Көл облусу башталган кызыл көпүрөдөн тарта Ананьево айылына чейин жол коопсуздугун күзөткөн убактылуу 10 бекет коюлган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынан кошумча МАИ кызматкерлери барган. Бирок өкмөттүн өткөн аптадагы жыйынындагы “кан жолго бир дагы бекет коюлбасын” деген тапшырмасынан кийин баары алынды.

Соңку маалыматка ылайык, туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көлгө 108 миңден ашык унаа кирип чыкты. Мындан улам көлгө келген эс алуучулардын саны 2 миллиондон ашты деп эсептелүүдө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG