Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

ИИМ: Уюшкан кылмышкерлердин 253ү соттолду


Кыргызстанда былтыртан бери жүрүп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында 379 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө алардын 253ү боюнча сот өкүмү чыгып, түрдүү жазага тартылды.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген 23 кыргызстандык учурда издөөдө.

25-июлда Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп эсептелген Камчы Көлбаевдин жанжөөкөрү Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке жеткирилди. Учурда ал милицияда суракта. (RK)

XS
SM
MD
LG