Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Сирия: Алеппого танктар киргизилүүдө


Сириянын экинчи ири шаары Алеппого танктар киргизилгени кабарланууда. Башар Асаддын режими эрегешчилерге каршы чоң операция баштоону көздөп жатат. Ишембиден бери шаар көчөлөрүндө аскерлер менен козголоңчулар ортосунда аткылашуулар уланууда. Жайкын тургундар кармаштар болуп жаткан аймактардан качып, БУУнун маалыматына ылайык, бир түндүн ичинде 300дөй киши Түркия менен чек арадан өткөн. Расмий Анкара чек ара качкындар үчүн ачык кала берээрин маалымдады. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын чек арадан өтүшү чектелген.

XS
SM
MD
LG