Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Грузин оппозициясынын лидери казынага 48 млн. доллар төктү


Грузиянын оппозициядагы “Грузин кыялы” деп аталган коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили мамлекеттик казынага 80 миллион лари же 48 миллион доллар которгонун билдирди. Ал каражат анын айтымында, өлкөнүн чыгышында суу каптоодон жабыркаган адамдарга жардам катары жумшалышы мүмкүн.

Иванишвили саясий кампаниясын каржылоо мыйзамын бузгандыгы үчүн өткөн айда 90 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Кийин бул сумма 45 миллионго түшүрүлгөн. Саясатчы айып пулду төлөөдөн адегенде баш тарткан, бирок азыр аны казынага төксө, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге жардам болоорун айтууда.

Оллигарх Иванишвилинин партиясы октябрдагы шайлоодо президент Михаил Саакашвилиге каршы негизги атаандаш болуп чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG