Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Лондон Олимпиадасында дипломатиялык чатак чыкты


Лондон Олимпиадасынын ачылыш аземи эртең болмокчу, бирок мелдештер кечээ эле башталды. Жана дароо дипломатиялык инцидент тутанды. Колумбия менен беттешээрдин алдында түндүк кореялык кыз-келиндердин футбол командасы алардын сүрөттөрү чоң экранда Түштүк Кореянын желеги менен коштолгонуна нааразы болуп, оюн бир саат кечигип башталды. Уюштуруу комитети ката үчүн кечирим сурады. Матчты Түндүк Корея 2-0 эсебинде жеңди.

XS
SM
MD
LG