Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Сирия: Алеппо шаары үчүн аёсуз кармаш жүрүүдө


Сириядагы экинчи чоң шаар саналган Алепподо куралдуу кагылыш дээрлик бир жумадан бери уланууда. Көтөрүшчүлөр ушул тапта өкмөттүк күчтөр Алеппого оор техникалык куралдарды жана армияны киргизип, катуу чабуулга өткөнүн билдирүүдө. Козголоңчулар азыр өздөрү башка шаарлардан курал-жарак жана дары-дармек чогултуп жатышат.

Кагылыш ушул тапта борбор калаа Дамаскта да уланып, Кадам районунда аткылашуу болду. Миңдеген сириялыктар өлкөнү таштап Түркия, Ливан, Ирак жана Иорданияга чыгып кетүүсү уланууда. Араб Лигасы эгерде президент Башар Асад кан төгүүнү токтотуп, кызматтан кетсе анда ага жана анын үй-бүлөсүнө “коопсуздук берүү” сунушун айткан, бирок Асад бул сунуштан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG