Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Ун импортуна киргизилген бажы алымын жоюу өтүнүчү айтылды


Мындай өтүнүчтү бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков премьер-министр Өмүрбек Бабановго жолдоду. Буга Кыргызстанда ундун баасынын кескин кымбаттап кеткендиги себеп болгон. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш ушул жылдын 25-апрелинде сырттан ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу бажы алымынын ставкасын белгилөө боюнча өкмөттүн токтом долбооруна макулдук берген. Анда “товар өндүрүүчүлөр унга бааны негизсиз көтөрсө, токтомду жокко чыгаруу боюнча чара көрүү керек” деген жагдай эске алынган болчу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча акыркы аптада республикада ундун жана нандын баасы кескин көтөрүлүп кеткен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG