Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

"Патриот" делгендердин кордугу уланууда


Бул жолку тасма Москвада тартылган өңдүү
Бул жолку тасма Москвада тартылган өңдүү

Орусияда кыргызстандык кыз-келиндерге кордук көрсөткөн “Патриот” тобунун мүчөлөрү мигранттарга кысымын улантып жатканы социалдык түйүндөр аркылуу белгилүү болууда.

Жакында эле кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, ур-токмокко алып, бычактаган жаңы тасмалар пайда болду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен мындай кылмышка шектүүлөрдү жазалоо аракети жүрүп жатканын, бирок жаңы кылмыштар тууралуу кабары жоктугун маалымдашты. Буга чейин аталган топтун кордугуна кабылган эки кыз арыз менен милицияга кайрылган эле.

Интернетке жаңыдан чыккан видеолор деле мурдатан жарыялангандар менен мазмундаш. Беттерин көрсөтүп-көрсөтпөгөн жигиттер бир кызды ортого алып, бөтөн улуттун өкүлдөрү менен мамиле куруп, бузукулукка барганын айтып, бетке-башка койгулап, чечиндирип жатышат. Ал аз келгенсип, денесин бычак менен кескилеп, буга чейин кыргыздардын намысын түшүргөн бир канча кызды кордогонун маашырлана айтууда:

- Жок, тийбегиле, байкелер!
- Келе бычакты, муну союп таштайлы!
- Мен сени сабаганым эч нерсе эмес, сендей кыздардын далайын союп таштагам, сен бизден бошонуп, арыз жазам, каматам дейсиңби, бизди колдогондор абдан эле көп...

Дал ошол маалда кызды кордоп жатканда жигиттердин бири кызга болуша кетет. Анда жанындагылар аны "патриот эмессиң" деп күнөөлөп, кызды жабыла ур-токмокко алалы деп көкүтөт:

- Коё бер бычакты, сенде патриоттук дух барбы? Кара-Кулжадансыңбы? Каракулжалыктар кандай болот? Алар патриот болот. Эгер сенин колуңан эч нерсе келбесе, биз сыяктуу инилериң бар...

Жүрөктүн үшүн алган тасма кызды дапылдата тепкилеп, кийимин чечинтип жаткан жеринен аяктайт. Өздөрүн патриот атагандардын колуна түшкөн кыздын андан аркы тагдыры белгисиз. Тасманын да качан тартылганы беймаалым. Андагы каармандарын сөздөрүнө караганда окуя Москва шаарында болуп жаткандай.

Москвадагы кыргыздар түзгөн “Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамила Бегиеванын айтымында, мындай көрүнүштөр тууралуу ал жактагы кыргыздар арасында сөздөр айтылып жүрөт:

- Буга чейинки иштер боюнча күнөөлүүлөр кармалды делгени менен "мына, булар кармалды" деп эч ким көрсөткөн жок. Ошондуктан бул дагы улана берчүдөй. Эч ким жазаланбаса улана берет да. Анан көбүнчө балдар ур-тепкиге алган кыздар башка улуттун өкүлдөрү менен жүрбөйт. Ал балдардын айтканына көнбөсө эле ушинтип кордоп, жаманатты кылып жаткан учурлар көп экен.

Арыз жок - иш жабык

Буга чейин да Орусияда кыздарды кордоп-коркутуу кулач жайганын Москвада мигрант кыз-келиндер менен иштешкен Урмат Байматова да билдирген эле. Кыздарды жылаңачтап алып, “башка улуттун балдары менен жакын мамиледесиң” деп сабап, кордогонун көрсөткөн тасмалар кайрадан пайда боло баштады:

- Метродон кыздарды аңдышып, телефондорун алып, “менин телефонума акча төлөбөсөң, сени Сапаргүлдөй кылып, интернетке жаям” деп коркутушат экен.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен болсо кыргызстандык кыздарды кордогон жаңы окуялар боюнча эч ким кайрылбаганын билдиришти.

Өздөрүн “Патриот” деп атаган топтун тасмалары интернетте ушул жылдын жаз айынан тарта пайда болгон. Андан бери бир канча тасма интернет аркылуу таратылса да, алардын ичинен эки гана кыз тартип коргоо органдарына кайрылган. Калгандары кандай тагдырга туш болгону, өлүү-тирүүсү тууралуу маалымат жок.

Тасмаларда кордолгон кыздардын биринчиси Сапаргүлдүн окуясы кызуу талкууга алынып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен Екатеринбургда тартип коргоо органдары тарабынан июнь айында кылмыш иши козголгон.

Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын консулу Гүлнура Нарматованын айтымында, Сапаргүлдү кордоду деп шектелгендердин экөө аталган шаардын милициясы тарабынан кармалган:

- Эки бала кармалган. Бирок жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу шаардан чыкпоо тууралуу тил кат менен убактылуу бошотулду. Азыр бул кылмышты уюштурган үчүнчү адамдын кимдиги такталды. Ал Екатеринбургда жүрөт деп айтылып жатат. Аны да жоопко тартуу үчүн иштер жүрүп жатат.

Нарматова интернетте жаңы тасмалар пайда болгону менен кордолгон кыздар милицияга арыз менен кайрылмайын аны далилдөө кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Ал ортодо “Патриот” тобунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргызстанга качып келгени айтылып жатат. Бирок Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов кылмышка шектүүлөр Кыргызстанга келген эмес деп ишендирет:

- Эки кыз арыз жазган, алар боюнча шектүүлөр аныкталган. Алар жөнүндө маалыматыбыз бар. Бул жакка келген жок. Келсе эле кармайбыз.

Айтор Орусияда кыздарды кордогон жигиттердин бири да колго түшө элек. Кыргыз милициясы болсо аларды кармоо орусиялык тартип коргоо органдарынын иши деп айтып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG