Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Кыргызстанда сүттүү-эттүү уйлар көбөйтүлөт


Түркиядан алынган насыянын 500 миң доллары жер-жерлерде бодо малды уруктандыруу бекеттерин ачууга жумшалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” селекциялык асыл тукум мамлекеттик борборунун башчысы Баялин Байтемиров билдирди. Анын айтымында, айыл өкмөттөрдө 300дөй бекет ачылат. Анда эки багытта – сүт берүүчү жана эт берүүчү уйлар көбөйтүлөт. Буга байланыштуу мал догдурларды Дүйнөлүк банк окутуп, даярдап берет.

Советтер союзу урагандан кийин малдын саны көбөйгөнү менен сапаты начарлап, сүт менен эттти көп бербей калган. (EBM)

XS
SM
MD
LG