Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:16

ИИМ реформасы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар милицияны реформалоо боюнча талкуу курат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМден кабарлашты.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 13-июлда өкмөттүн жыйынында милицияны реформалоо создугуп кеткенин сынга алган. Ички иштер министри менен анын орун басарлары ортосундагы түшүнбөстүк реформалоо иштерин артка тартарын айтып, чукул арада реформа жасалбаса, кескин чаралар көрүлөрүн эскерткен.

ИИМди реформалоо концепциясы коомдук талкууга коюлган. Өкмөт аны 1-сентябрга чейин карап жактырып, парламентке жөнөтүшү керек. Ал документке ылайык, мындан ары милиция коомдук коопсуздукту камсыздоо жана уюшма кылмыш топтор менен күрөш боюнча гана иш алып барып, экономикалык кылмыштын бетин ачуу функциясынан ажырайт.

Бабанов ушул жылдын август айынан тарта жол-кайгуул кызматы ишке кириши керектигин тапшырган. Ага ылайык, 2012-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында видео камералар орнотулуп, көчөлөрдө бир дагы МАИчи болбойт. 2013-жылы мындай камералар Ош шаарында жана республикалык мааниси бар көчөлөргө орнотулуп бүтүшү зарыл. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG