Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Швецияда эки өзбек жараны акталды


Полиция кылмышка шектүү делген аялды сотко жетелеп баратышат
Полиция кылмышка шектүү делген аялды сотко жетелеп баратышат

Швецияда жашаган өзбек имамы Обидхон Назаровго кол салууну уюштургандарга жардам берди деп шектелген Өзбекстандын эки жараны акталды.

Швециянын Остерсунд шаардык соту аларды айыпсыз деп тапты. Кылмышка шектелгендер 15-майда Швециянын түштүгүндөгү Скене шаарында кармалган эле.

Остерсунд шаардык сотунун судьясы Марит Окерблом имам Обидхон Назаровго кол салган кишиге жардам берген деп шектелген эки жарандын айыбы тастыкталган жок деп, аларды 26-июль күнү актады. Эки айыпталуучу кылмышка шектүү адамга жардам берип жаткан учурда Обидхон Назаровду өлтүрүү максаты болбогондугун билдиришкен.

Алар кылмыш жасоочунун максатынан кабардар болбогону да сотто тастыкталды. Судьялар соттолуучулар өздөрү билбестен кылмышкерге жардам берген деген божомолго таянышты.

Прокурор Кристер Петерссон
Прокурор Кристер Петерссон
Прокурор эки айыпталуучунун тең күнөөсүн жетиштүү денгээлде далилдеп бере албаганы да аларды актоо чечимине негиз болгон.

Өзбекстандын жарандары Бахадыр Пулатов жана Нодира Аминова сот өкүмү чыкканча 19-июлда Швециядан чыгып кетпөө кепилдиги менен бошотулган эле.

Өткөн аптада айыпталуучулардын адвокаттары “Азаттыкка” аларды биротоло акталарына ишеним артып тургандарын билдиришкен. Сот жараянында адвокат Ян-Оке Нистрем Бахадыр Пулатовдун өзү билбей кылмышка аралашканына сотторду ишендире алганын айтты.

- Мен Бахадыр Пулатовдун айыпсыз экенине ишенем. Сот деле ушундай пикирде экенине ишенем. Ал кылмыш жасоочунун максатын билген эмес.

Надира Аминованын адвокаты Эрик Боберг деле коргоп жаткан кишисин 26-июль күнү акталат деген ишенимде экендигин билдирген болчу.

Прокурорлор өкүм боюнча апелляциялык арыз менен сотко кайрылар-кайрылбасы белгисиз. Прокурор Кристер Петерссон айыпталуучуларды 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жабырлануучу тарап – Обидхон Назаровдун уулу Довудхон сот өкүмүнө нааразы экендигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрыла тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.

- Албетте биз соттун чечимине ыраазы эмеспиз. Биз бул өкүмдүн үстүнөн даттанабыз. Биз соттун жогорку инстанцияларына доо арыз менен кайрылабыз.

Обид Назаров
Обид Назаров
Соттук жараянга күбө болгон 44 жаштагы өзбекстандык саясий эмигрант Ахмаджан өкүм адилетсиз чыкканын айтты. Анын баамында, сот учурунда айыпталуучулардын күнөөлүү экендигин көрсөткөн бир топ далилдер бар болчу.

Азыр кылмышты жасаган киши эркиндикте жүрөт. Ал деле Өзбекстандын жараны деп болжолдонууда. Сот жараяны учурунда прокурор ал киши 1978-жылы туулган Юрий Жуковский экенин айткан. Өзбекстанда кол салууга кабылган Обидхон Назаров 2006-жылы Швециядан баш паанек алган жана Стромсунд шаарында жашап жүргөн.

54 жаштагы Обидхон Назаровду ушул жылдын 22-февралында Швециянын түндүгүндөгү Стромсунд шаарындагы үйүнө жакын жерде белгисиз адам атып кеткен.

Ал ушул күнгө чейин ооруканада өзүнө келе албай жатат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG