Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

ИИМ реформа боюнча өзүнүн концепциясын сунуштоодо


Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында айтылды. Жалпысынан ИИМди реформалоо боюнча үч концепция сунушталып жатат. Биринчиси, мекемелер аралык комиссия иштеп чыккан документ. Ага ылайык, мындан ары милиция коомдук коопсуздукту камсыздоо жана уюшма кылмыш топтор менен күрөш боюнча гана иш алып барып, экономикалык кылмыштын бетин ачуу функциясынан ажырайт.

Экинчиси, башка өлкөлөрдүн мисалын көрүп келген жаштардын, үчүнчүсү, ИИМдин өзүнүн концепциясы. Министр Зарылбек Рысалиевдин айтымында, мекемелер аралык иштелип чыккан документтин айрым жагдайларында пикир келишпестиктер бар. Ошол себептүү жаңысы сунушталууда.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 13-июлда өкмөттүн жыйынында милицияны реформалоо создугуп кеткенин сынга алган. Ички иштер министри менен анын орун басарлары ортосундагы түшүнбөстүк реформалоо иштерин артка тартарын айтып, чукул арада реформа жасалбаса, кескин чаралар көрүлөрүн эскерткен. ИИМди реформалоо концепциясы коомдук талкууга коюлган. Өкмөт аны 1-сентябрга чейин карап жактырып, парламентке жөнөтүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG