Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Баррозу грек өкмөтүн убадага бек турууга чакырды


Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу грек өкмөтүн убада кылынган антикризистик чараларын ишке ашырууга чакырды. Афиныда премьер-министр Антонис Самарс менен жолугушуудан кийин Баррозу реформаларды создуктурууга чекит коюп, конкреттүү иштерге киришүү керектигин айтты.

Греция эл аралык финансы институттарынан карыздын эмки траншын алуу үчүн коомдук секторун реформалоого, салыктарды көбөйтүүгө тийиш.

Баррозудон тышкары бул күндөрү Грецияда Евробиримдик, Эл аралык валюта фонду жана Европанын борбордук банкынын инспекторлору жүрүшөт. Өлкө карызды дал ушул үчилтиктен алат. Текшерүүчүлөр бюджетти үнөмдөө багытындагы чаралар кандай жүргүзүлүп жатканы менен таанышып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG