Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

ТИМдин миграция кызматкери пара алып жатканда кармалды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин кызматкери миң доллар пара алып жаткан жеринен 26-июлда кармаган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү маалында дагы кошумча 6500 доллар табылган. Ал акчанын чоо-жайы тууралуу кармалган департамент кызматкери түшүндүрүп бере алган эмес.

Учурда департамент кызматкери УКМКнын убактылуу кармоо жайына алынып келинди. Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин пара алуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө-иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG