Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Буудайдын баасын мамлекет жөнгө салышы мүмкүн


Мындай чечим Кыргызстандын ички рыногунда буудай 20% чейин кымбаттаган учурда кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Олег Панкратов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, баанын өсүшү дүйнөдө, Казакстанда, Орусияда да байкалууда.
Панкратов бааны жасалма жол менен көбөйткөн ишкерлер аныкталса, жоопко тартыларын кошумчалады.

Ун, нандын кымбаттоосу акыркы он күндө республиканын бардык аймактарында байкалууда. Соодагерлер соңку апталарда ундун баасы дээрлик эки эсеге өскөнүн билдиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG