Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Сирияда парламенттин депутаты оппозиция тарапка өттү


Алеппо провинциясынын парламенттеги депутаты Ал-Бадави Түркияга качып кетти. Sky News Ихлас телекомпаниясына курган маегинде ал өлкөдөгү репрессия жана элге карата зулумдук мамиледен улам Башар Асаддын режимин колдоодон баш тартканын билдирди. Маалыматтарга караганда, Ал-Бадави май айында шайланып келген парламенттен оппозиция тарапка өткөн биринчи депутат болуп калды. Сириядагы ири шаар болуп саналган Алеппого дагы эле бронетехника менен өкмөттүк аскерлер тартылууда. Байкоочулар куралданган оппозицияга каршы катуу сокку даярдалып жатканын билдирүүдө. Кечээ АКШ Алепподогу абал боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Сириядагы кооганы токтотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттери азырынча жыйынтык бербей жатат. Бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктер сакталууда.

XS
SM
MD
LG