Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Сириядагы Алеппо шаарында атышуу жүрүп жатат


Өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын турумдарын тик учак, танк жана артиллерия менен аткылап жатышат. Алеппо шаарынын бир нече районун бул күндөрү куралданган оппозиция ээлеп алууга жетишкен эле. Ушул тапта көтөрүлүшчүлөр аскерлер тараптан болчу катуу соккуга даярданып, курал-жарак, дары-дармектерин камдап жатышат.

БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нэви Пиллэй согушуп жаткан тараптарды "Алеппонун карапайым тургундарын аягыла" деп чакырды. Женевада жасаган билдирүүсүндө Пиллэй шаарда ири кагылышуу болуп кетүү ыктымалдыгынан кооптонуп турганын билдирди.

Сириядагы кооганы токтотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттери азырынча жыйынтык бербей жатат. Бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктер сакталууда.

XS
SM
MD
LG