Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Блогчу Алексей Навальныйга айып коюлат


Блогчу жана оппозиция лидерлеринин бири Навальный 30-июлда Орусиянын тергөө комитетине суракка чакырылды. Навальныйга “мүлктү чыгымга учуратты” деген берене боюнча айып коюларын анын адвокаттары кабарлашты.

Тергөөдөгү маалыматтар боюнча, 2009-жылы Навальный Киров облусунун губернаторунун кеңешчиси кызматында иштеп турганда “Кировлес” компаниясын пайдасыз чечим кабыл алууга түртүп, анын айынан компания ири чыгашага учураган.

Облустук жана округдук тергөө башкармалыктары текшерүү жүргүзүп, Навальныйдын аракетинен кылмыш белгилерин тапкан эмес. Бирок ушул жылдын жылдын май айында Орусиянын тергөө комитети блогчуга карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу токтомду жокко чыгарган.

36 жаштагы Алексей Навальный Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы акцияларды уюштурганы үчүн эки ирет түрмөдө отуруп чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG