Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

Лондон-2012: алгач оор атлетчи Бекзат Осмоналиев күч сынашат


Олимпиада оюндары боюнча расмий сайт спорттук мелдештердин тизмесин жарыяланды. Ага ылайык, Кыргызстандын намысын алгачкылардын болуп оор атлетика боюнча эл аралык спорттун чебери Бекзат Осмоналиев коргойт. Мелдеш 29-июлда болот.

А тобунда Осмоналиевдин сырткары Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Мексика жана башка өлкөлөрдөн 11 спортчу бар.

“Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин жеринен билдиришинче, бүгүнкү күндө Лондондо Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбековадан башка олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулардын бардыгы жүрөт. Бул үч спортчу Лондонго 5-8-август күндөрү учуп кетишет. (КЕ)
XS
SM
MD
LG