Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Сауд Аравияда полиция шиит-демонстранттарга ок чыгарды


Сауд Аравиясынын чыгыш тарабындагы Эл-Катиф шаарында демонстрацияга чыккандар камалган шииттерди, анын ичинде белгилүү диний ишмер Нимра ал-Нимраны бошотууну талап кылышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, тартип сакчылары шаардын ар кайсы аймактарында машиненин дөңгөлөктөрүн өрттөп жаткан ээнбаштарды кармашкан жана операция учурунда эч ким жабыкаган эмес. Бирок окуяга күбө болгондор кармалгандардын бири Мохаммед ал-Шахуриге ок тийип, ал ооруканага түшкөнүн айтып жатышат. Ал полиция издөө салган 23 кишинин бири болуп саналат.

Сауд Аравиянын бийлиги шииттердин арасында бийликке каршы маанайдын өсүп жатканынан кооптонууда. Шииттер өлкөдөгү 23 миллион калктын 10 пайызын түзөт. Бир жыл мурун Сауд Аравиясынын аскерлери коңшу Бахрейндеги шииттердин акциясын басууга катышкан эле. Бахрейнде да бийликте суниттердин династиясы отурат.

XS
SM
MD
LG