Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Лондон Олимпиадасынын ачылышын стадиондо 80 миң киши көрдү


Бүгүн Кыргызстандын убактысы боюнча түңкү саат экиде, Британиянын убактысы боюнча боюнча кечээ кечки саат тогузда Лондондо жайкы олимпиаданын ачылышы болду. З0-жайкы олимпиаданын ачылуу салтанаты 4 саатка созулуп, стадиондо ага 80 миңдей адам күбө болду. Британиянын канышасы Елизавета II жана 100дөй мамлекеттик жогорку кызматкерлер катышты.

Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. "Азаттыктын" кабарчысы Кабыл Макеш да ачылыш аземге күбө болду.

- Олимпиаданын ачылыш аземи керемет, жомоктогудай өттү. Ага Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов баштаган Кыргызстандын делегациясы көрүүчү катары катышты. Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов жана өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов да аземди көрдү.

Лондондогу олимпиадага Кыргызстандан 14 спортчу катышып жатат. 16 күн ичинде 205 өлкөдөн он жарым миң спортчу ат салышат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG