Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Импорттолгон унга бажы алымын жоюу каралууда


Кыргыз өкмөтү сырттан алынып келген унга коюлган бажы алымдарын алып салууну карап жатат. 27-июлда бул маселе талкуулана баштаган болчу. Атаандаштыкты күчөтүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, маселе дүйшөмбүдө каралат:

- Бюджетке, башкага байланыштуу жаңы жагдайлар пайда болду. Экономика министрлиги сунушун айтты, эми өкмөт өзү карайт. Колдосо кабыл алат, колдобосо кабыл албайт.

2012-жылдын май айында импорттолгон ундарга бажы алымдары киргизилген. Акыркы аптада ундун кескин кымбаттоосунан улам бажы алымдарын жоюу маселеси коюлуп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG