Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

Бадахшан: барымтадагы прокурорлор бошотулду


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусундагы Хорог шаарында 24-июлда согушчандардын колуна түшүп калган прокуратуранын беш кызматкери бошотулганын аталган органдан маалымдашты. Хорогдо атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бийлик менен согушчандар ортосундагы кагылышта 60ка чукул киши мерт болгону айтылууда. Тажик бийлиги эгер согушчандар өз ыктыяры менен колго түшүп берсе, аларга мунапыс берилерин убада кылган, бирок бул сунушту куралдуу топ четке каккан. 27-июлда Евробиримдик да аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG