Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

“Кумтөрдө” жалпысынан 358 адам ууланган


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Санэпидем көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов билдирди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери текшерүү учурунда “Кумтөр” компаниясынын дарыгерлеринин каттоо китепчесинен уулануу симптомдору менен кызматкерлер 1-июлдан тарта катталганын көргөн. Катталгандардын баарын кошкондо 358 адамдын ууланганы белгилүү болду.

Зуридин Нурматов ооруканага жаткандар дүйшөмбүдөн тарта чыга баштарын кошумчалады.

- 19-июлда күчөп кеткенден бери ооруканаларга жаткырылгандардын саны 104кө жетти. Жаткырылбай эле медициналык жардам алгандар Ысык-Көлдө 24, Бишкекте 4. Бардыгы болуп 32 адам медициналык жардам алды.

Көпчүлүгү стафилококк микробу аркылуу тамак-аш уулануусуна кабылганы айтылган. Андан сырткары бүгүн 32 адамда сальмоннелез табылганы кабарланды. Сальмоннелез – көбүнчө эт, сүттөн жуга турган ашказан-ичеги ооруларын, ич өткөктү пайда кылчу инфекция.

"Кумтөр" алтын иштетүүчү компаниясында 20-июлда массалык уулануу болгону кабарланган. Көпчүлүгү Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги ооруканаларга жаткырылган. (AKu)

XS
SM
MD
LG